Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:42

Орусиянын Ыраакы Чыгышында күчү 7 баллдан ашкан жер титирөө болду


Жер силкинүүсү Камчатка жарым аралындагы Коряк районунда бүгүн таңга маал орун алды. Жергиликтүү сейсмологдордун маалыматына караганда, күчү очогунда Рихтер таякчасы боюнча 7,9 баллга жеткен. Ал эми америкалык жана жапониялык сейсмологдордун эсебине караганда, жер титирөөнүн күчү 7,7 баллды түзгөн.
"Итар-Тасс" агенттиги жер титирөөнүн аймагында айрым талкаллануулар орун алганын кабарлады.

XS
SM
MD
LG