Мамлекеттик телекомпаниянын студиясында оппозиция өкүлдөрү менен сүйлөшүү учурунда Президент өлкөдө туруктуулукту сактоо үчүн азырынча конституциялык реформа жүргүзүү зарылдыгы жоктугун билдирген. Өлкөдөгү оппозиция лидерлери Президентке тез арада баш мыйзамга демократиялык реформаларды жүргүзүү жөнүндө талап коюп жатышкан. Алар талаптары аткарылбаса 29-апрелде ири саясий акция өткөрүүгө кам көрүүдө.