Жакында Украинада өткөн парламенттик шайлоонун соңку расмий жыйынтыктары кечээ жарыяланды. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын малыматына караганда, Виктор Януковичтин Региондор партиясы биринчи орунга чыкты. Андан кийинки орундарда Юлия Тимошенконун блогу, президент Виктор Юшенконун «Биздин Украинасы», социалисттик жана коммунисттик партиялар турушат.Ошентип, Региондор партиясы 450 орундуу парламенттен 186 депутаттык орунду ээледи. Юлия Тимошенконун блогу 129, «Биздин Украина» 81, социалисттер 33, ал эми коммунисттер 21 орун алышты.