Кечээ, Саддам Хусейндин режими кулатылганынын үч жылдыгында, Иракта Бириккен Ирак альянсынын лидерлеринин жыйыны болду. Алар өкмөттү куруу боюнча сүйлөшүү өткөрүштү. Ирактагы башкаруучу шийи альянсы өкмөт башчылыкка Ибрагим аль-Жаафаринин талапкердигин көрсөткөн. Бирок жекшембиде күрддөр дагы бир жолу Ибрагим ал-Жаафаринин талапкердигин колдобой тургандыктарын билдиришти. Шийи альянсы дагы эле Ибрагим ал-Жаафаринин талапкердигин көрсөтүп тура береби-жокпу – бүгүн белгилүү болот.