Кечээ, 2-апрелде, Бишкектин Биринчи май райондук соту Р. Акматбаевди депутаттык жарыштан чыгарган БШК чечимин жокко чыгарган. Натыйжада, Р. Акматбаев депутаттык жарышка талапкерлик укугун кайтарып алган.
Р. Акматбаев Балыкчы шайлоо округунан депутаттык орунга ат салышып жаткан. Аны мурда соттолгондугу жоюлган эмес жана акыркы беш жыл Кыргызстанда туруктуу жашабаган деген негизде 30-мартта БШК жарыштан чыгарып салган.
Р. Акматбаевдин таламдаштары БШК чечимине нааразы болуп 30-31-мартта каршылык акциясын өткөрүшкөн. Минден ашык адам Бишкекке чейин келип Өкмөт үйүнүн алдында нааразылык митингисине чыгышкан. Толкуган калың топко Президент К. Бакиев чыгып, чыр маселени сот аркылуу чечүүгө үндөп атып тараткан.
Ошентип, соңку беш күн удаасы менен Р. Акматбаевдин айланасындагы окуялар Кыргызстандын бүтүн калкынын көңүлүн имерип турат. Бул талапкер киши өлтүрүү менен байланышкан оор кылмыштарга катышы бар деп изделип, сотто суралып жүргөндүктөн, атуулдук коом өкүлдөрү анын шайлоого катышканына каршы болуп жатышат.
Бир катар саясатчылар Р. Акматбаев жогорку бийлик чөйрөсүнөн колдоо тапкан үчүн парламент депутаты болууга аракет кылып жатканын белгилешет. Президент К. Бакиев бийлик шайлоого да, сот иштерине да кийлигишпей турганын билдирип келатат. Премьер-министр Ф. Кулов болсо Р. Акматбаев менен ачыктан ачык касташып келаткан адам катары белгилүү. Ал Р. Акматбаевдин депутат болуп шайланып калышына жол бербөө үчүн анын талапкер катары мыйзамдуу катталганын текшертип чыккан.
Бул окуяга акыркы чекитти Жогорку Сот коюшу ыктымал. Бирок, Р. Акматбаев депутаттык жарыштан кайра чыгарылса, анын таламдаштары кайрадан массалык каршылык акцияларын өткөрүүгө даяр турушат.