Кечээ Украинада президент Виктор Ющенко парламенттик шайлоодо жеңген партиялардын лидерлери менен жолугушуп, өкмөттү түзүүнүн жолдору боюнча масилеттешти. Ушу тапка карата бюллетендердин 90% ашууну эсептелинип бүттү.
Аларга ылайык, орусиячыл Виктор Януковичтин Региондор партиясы 31% добушу менен биринчи орунду ээлеп турат. Ал эми батышчыл Юлия Тимошенконун блогу экинчи орунда. Ал добуш берүүчүлөрдүн 22% өзүнө ийдире алды. Ал эми президент Виктор Ющенконун “Биздин Украинасы” 15% жетпеген добуш менен үчүнчү болуп келатат.
Ющенко кечээ алдыңкы эки партиянын тең лидерлери Янукович жана Тимошенко менен сүйлөштү. Янукович болсо шайлоонун жыйынтыктары толук айтылып бүткөнгө чейин анын партиясы ары-бери сүйлөшүүлөрдөн оолак болоорун билдирди.