Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:11

Югославиянын экс-президенти Слободан Милошевичтин сөөгү Сербияга жеткирилди


Милошевичтин сөөгүн уулу Марко Милошевич коштоп барды.Милошевич 11-мартта Гаагадагы эларалык трибуналдын абагында көз жумган.
Экс президенттин жесири Мира Сербияга барып, күйөөсүнүн таажыясына катышабы же жокпу белгисиз. Москвада баш калкалап жүргөн Мира Милошевич мекенине барса, камакка алынышы ыктымал.
Бүгүн эртең менен россиялык дарыгер голландиялык кесиптештери өткөргөн иликтөөнүн жыйынтыктарына макул болушту. Алар Милошевич инфаркттан каза болду деген тыянакка келишкен эле. Милошевичке согуш кылмыштары, геноцид үчүн бардыгы болуп 60тан ашуун айып тагылган.

XS
SM
MD
LG