Орусиялык ырасмий бийлик кечөөкү шайлоону «бирдей добуш берүү күнү» деп атады. Чынында эле мынчалык көп аймак эли катышкан шайлоо Орусияда алгач ирээт өтүшү экен. БШК демилге көтөрүп кабыл алынган жаңы мыйзамга ылайык эми мындан ары март жана октябрь айларынын экинчи жекшембисинде ар жыл сайын шайлоо өтүп турат дешет.
Бийликте олтругандар чечмелегенге караганда, ири мамлекет үчүн бул элдин добуш берүүсүн арттыруу жана каражат үнөмдөө үчүн керек. Башка анализчилер айтканга караганда 2008-жылы болуучу президентти жана ага чейинки Мамдуманы шайлоого карата көрүлүп аткан даярдык.
Азыркы тушта ат салышууга катышып аткан өлкөдөгү 37 партиянын саны келерки жылы кескин кыскара тургандыгын Вешняков айтат. Ал үчүн ошол эле БШК демилге көтөрүп кабыл алдырган мыйзам кепилдик берет. Ал мыйзамда ар бир партиянын бүткүлорусия боюнча 50миң мүчөсү болушу дурус деп айтылган. Эгерде анча мүчөсү болбосо анда ал ат салышкандар тизмесине алынбайт. Кечөө өткөн 68 субъектеги шайлоо андай партиялар үчүн акыркы мүмкүнчүлүк болгонун айтат.
«50 миң мүчөсү жок партиялар автоматтык түрдө өз ишкеридигин токтотуп коомдук уюмга айланышы керек же башка партия менен биригиши керек», - дейт орусиялык борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы.
Бул жолку өткөн шайлоого БШК жетекчиси айтканга караганда 17 миллион добуш берүүчү катышкан. Анализчилер ошого карабай анын кийинки жылдар үчүн чоң тажрыйба экенин белгилешет. Ар кыл агенттиктер билдиргенге караганда, маселен, «Вести.ру» кечөө түндө таркаткан маалымата: Алтай жумуриятынын Эл Курултайы үчүн добуш бергендер эсеби 36,74 пайызга жеткен. Ал эми Адыгей жумуриятынын мамлекеттик кеңеши – Хасэ үчүн добуш бергендер эсеби 28 пайызга жеткен. Мыйзам арибине жараша элдин 25 эле пайызы добуш бергенде шайлоо өттү деп эсептелет болчу дешет.
Эмнеси болсо да «орусиянын бирдей добуш берүү күнүнүн» бет ачары ың-жыңы жок өткөнүн белгилешүүдө. Бир гана Нижегород обулустук шайлоо комиссиясына үч арыз түшкөн. Анда кимдир бирөөлөр арыз жазган талапкер атынан баракча чыгарып аны 11-мартта калаада таркатып жүрүшүптүр делинет.