БИШКЕК. Өткөн айда Жалалабад облусунун Ташкөмүр шаарынын Ынтымак айылынан алыс эмес жерде бир нече көгүчкөндөрдүн, ала канат куштардын өлүгү табылган. Узак мөөнөттөгү текшерүүдөн кийин алар ачкалыктан өлгөндүгү аныкталган. Бул тууралуу Ветеринардык департаменттин төрага орун басары Кудайберди Мамыралиев 6-мартта “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, куш тумоосунун алдын алуу иштерине Дүйнөлүк банк, япония өкмөтү, кыргыз өкмөтү 6 млн. доллардан ашуун каражат берүүсү күтүлүүдө. Ал долбоор апрель айынан баштап ишке кириши болжолдонууда.