Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:16

Кыргыз-тажик чегарасында дагы чыр чыкты


БАТКЕН. Баткен районунун Тажикстандын Исфара району менен чектешкен Миңбулак участкасында кыргыз-тажик араздашуусу орун алды. Бул жолу Аксы айыл өкмөтүнө караштуу Миңбулак конушуна Тажикстандын Сурх айылынын тургундары көчөттөрдү отургузушуп, кыргыз атуулдарынын нааразылыктарын туудурган. Бул тууралуу 2-март күнү Баткен облус акимчилигинин укук коргоо органдары жана коргонуу секторунун башчысы Таштемир Эшалиев Азаттыкка маалымдады. Алгач окуя болгон жерге Исфара районуна караштуу Сурх айылынын башчысы жана жер адистери келип, алардын картасы боюнча Миңбулак участкасынын бир бөлүгү Тажикстандын аймагына таандык экенин айтышкан. Кийинчерек тополоң чыккан жерге кыргыз тараптан Баткен райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Таалай Акбаев барып, Миңбулак айылынын аймагы талаш жер статусунда экенин түшүндүргөндөн кийин топтолгоңдор тарап кетишкен. Белгилеп кетчү нерсе, Аксы айыл өкмөтүнүн карамагындагы Миңбулак участкасындагы кыргыз-тажик жер талашы былтыр 2005-жылдын жазында да катталган болчу.

XS
SM
MD
LG