АКШнын вице-президенти Дик Чейни өткөн ишембиде Техастагы ранчосунда аңчылык кылып жүрүп, кокус өзүнүн досун атып, жарадар кылып алганын мойнуна алды.
Чейни окуя болгондон бери алгачкы ирет бул тууралуу шаршембиде Fox News сыналгы каналынан сүйлөгөндө айтты.
Жарадар болгон 78 жаштагы Харри Уиттингтон 14-февралда кичи инфарктка кабылган эле. Азыр анын абалы жакшы болуп калганы айтылып жатат.
АКШда вице-президент бул тууралуу тез кабар бербегени үчүн сынга алына баштаган. Дик Чейниге каршы эч кандай кылмыш иши козголгон жок.