Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:30

Жалалабатагы мусулмандар Мухаммед пайгамбарды азилдеп сүрөт тарткандарды айыпташты


ЖАЛАЛАБАТ. Облустун борбордук мечитине чогулган миңдей мусулман Мухаммед пайгамбардын сүрөттөрү Европалык басылмаларда мазакталышына нааразы болушту. Колдоруна «Пайгамбарга кыйнаттык кылгандарга өлүм!», “Ислам дининин душмандары жок болсун!», “Бүткүл дүйнө мусулмандары, бириккиле!» деген кыргыз, орус, өзбек жана араб тилдеринде жазылган плакаттарды кармап алышкан. Алардын айтымында бүткүл дүйнөнүн мусулмандарын тынчсызданткан окуяга республиканын жетекчилигинин кайдигер мамиле кылуусу түшүнүксүз. Нааразылык акциясына катышкандар өлкөнүн президенти менен өкмөт башчысына кайрылуу кабыл алып, ислам дининдегилердин укугун коргоону өтүнүштү.

XS
SM
MD
LG