Кызыл деңизге чөгүп кеткен жүргүнчү ташуучу египеттик кемеде 1 миң 414 адам бар болчу. Алардын ичинен тирүү калгандардын саны бүгүн 387 адамга жетти. Дагы 137 өлүк табылган. Бул кеме өткөн жума күнү Сауд Арапстандан кайтып келатып, Кызыл деңизге чөгүп кеткен эле. Бүгүн ошол кырсыктан өлгөндөрдүн тууган-туушкандары ал кемени жасаган ишкананын имаратына кирип, тополоң-тоз чыгарышты.