Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:56

Бакиев парламентке барып, сөз сүйлөйт


БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиев Жогорку Кеңештин 3-февралдагы отурумуна катышып, сөз сүйлөөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу президент Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев менен жолугушууда билдирди. Президенттин маалымат кызматы тараткан кабарга караганда тараптар жолугушууда Жогорку Кеңеш кечигүүсүз карай турган маселелердин айланасында сөз болду. Анын катарында Кыргызстандын 2006-жыл үчүн бюджети тууралуу мыйзам долбоору да бар. Ушул эле күнү парламент февраль айындагы күн тартибине 60 мыйзам долбоорун жана эл аралык 5 макулдашууну киргизген.

XS
SM
MD
LG