БИШКЕК. Юстиция министрлигинин бейөкмөт уюмдарды текшерүү ниети жаман каңшаар. Мындай пикирди “Интербилим” бейөкмөт уюмунун лидери Асия Сасыкбаева билдирди. Анын айтымында, Аскар Акаевдин тушундагыдай бейөкмөт уюмдарга карата куугунтук баштала турган болсо 24- марттагы окуя кайталанат. Эскерте кетели, 23- январда Юстиция министрлигинин коллегиясынан кийин маалымат каражаттарында бейөкмөт уюмдарды текшерүү башталат деген маалыматтар чыгып кеткен. Юстиция министри Марат Кайыпов 25- январда Азаттыкка эч кандай текшерүү тууралуу сөз жок деп билдирди. Анын айтымында, 2005- жылы Кыргызстанда тыюу салынган диний агымдарды пропагандалаган бейөкмөт уюм кармалган. “Ошондуктан сырттан шектүү каржылоолорду алган бейөкмөт уюмдардын ишмердиги талдалып турат” деп билдирди министр.