Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:20

Темир жолчулар өзүн өзү өрттөө оюнан баш тартышты


БИШКЕК. Темир жолчу пикетчилер 25- январда өзүн өзү өрттөө оюнан баш тартып, бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө барышты. Сүйлөшүүгө темир жолчулардан үч адам, президенттик администрациядан адам укугу боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун, Кыргызтемиржолунун жетекчиси Нариман Түлеев, атуулдук коомдон Азиза Абдрасулова жана Эдил Байсалов катышты. Азиза Абдрасулованын журналисттерге билдиргенине караганда, сүйлөшүүлөр өтө оор жүрдү. Соңунда эки тарап макулдашууга кол койду. Анда жумушчулардын айлыгын көтөрүү, буга чейин себепсиз бошотулган кызматкерлерди кайра жумушка алуу, темир жолго тиешеси жок тааныш билиш менен жумушка алынгандарды бошотуу өңдүү шарттар кабыл алынды. Эки аптадан бери “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясынын жаңы жетекчиси Нариман Тулеевдин отставкасын талап кылып 20га чукул темир жолчу пикетте турушкан. Алар 25- январга чейинки талаптары аткарылбаса өзүн өзү өрттөө чарасына барабыз деп келишкен.

XS
SM
MD
LG