Үстүбүздөгү айда Кытайдын тышкы иштер министри Ли Чжаосин Батыш, Ортолук жана Түндүк Африканын алты мамлекетинде ырасмий сапарда болду.
Ли Африканын батышындагы Кэйп Верде аралдарында болгон кезде медициналык кеңеш берчү борборду жана энелер ооруканасын курганга акча берди. Чопо буюмдарын жасоочу жана балык иштетүүчү ишканаларды, суу сактагыч жана стадиондорду курууну каржылоо жагын сүйлөштү.
Ли Сенегалга барганда өлкөнүн 20 миллион доллар борчун кечти. Суу ташкында жабыркаган адамдарга деп, спорттук жана маданий долбоорлор үчүн 3 миллион нак долларды тартуу кылды. Медициналык кызматташууну калыбына келтирди.Малиде бир катар келишимдерге кол койду.
Жан Филипп Бежа-Париждеги эл аралык изилдөөлөр борборунун талдоочусу. Бежанын сөзүнчө, Кытай Африкада эки максатты көздөйт:
- Биринчиси, чийки заттарга, өзгөчө, Нигерия жана башка өлкөлөрдүн газы жана мунайына жетүү. Кытай дүйнөдөгү чийки заттардын булагына көз артууда. Экинчи жактан, Кытай дүйнө өлкөлөрү менен болгон карым-катнашын көп жактуу кылганга аракеттенүүдө.Өткөн кылымдын аягына чейин Кытай-америкалык мамилелерге башы байланган Бээжин азыр дүйнөлүк майданга чыкканга умтулууда.
Бэжанын айтышынча, Кытай адегенде Азияга жаңы жүзүн же дарамети күчтүү өлкө экенин таанытты. Былтыр Түштүк Америкага назар салса, быйыл эми көңүлүн Африкага бурду. Бирок, эки жылдан бери жаңы багыттын пайдубалын тизип жатты. Айтсак, 2004-жылы Габондон мунай, Түштүк Африкадан никель, платиниум жана жез, ал эми Нигериядан күнүнө 30 миң баррель мунай сатып алуу жөнүндө макулдашкан. Январда эле Нигериянын деңиз жээгиндеги мунай-газ кендерине үлүшкө кирүү үчүн Бээжин 2,3 миллиард доллар төккөн.
Айрым эксперттер: “Кытай бийликтери азыр гуманитардык кризистин кучагындагы Судан жана Зимбабве сыяктуу Батыш кызматташпаган режимдер менен мамиле түзүп, Африкада коррупциянын жайылышына өбөлгө түзүп жатпайбы?” деп тынчсызданышат.
Ал эми лондондук аналитик Александр Нейл Кытайдын Африкадагы ишмердүүлүгүн глобалдык экономикада барандуу орунду ээлөө максатын көздөп жасалууда деп мүнөздөйт. Бирок, анысын жашыруу үчүн Африкага экономикалык көмөк көрсөтүлүүдө деп айтаары калетсиз:
-Чоң сегизге мүчө өлкөлөр жана башка мамлекеттер Африканы ири гумманитардык жардамга муктаж аймак деп айтып жүрүшөт. Андыктан, Кытай Африканын экономикасын бутка коюуга жардамдашып, алардын келечекки өнүгүүсү үчүн салым кошуудабыз деп чыгышы ыктымал.