БИШКЕК. 14-январда Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Исфана-Кулунду автожолунун 13-чакырымында “КАВЗ” үлгүсүндөгү автобус аласалып кетип 4 адам каза болду. 7 адам ооруканага жеткирилип, айрымдарына жеринде медициналык жардам көрсөтүлгөн. Автобустагы 30дан ашуун жүргүнчүнүн көпчүлүгү Лейлек районунун Аксуу айылынын тургундары экендиги такталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Абибилла Пазылов 15-январда “Азаттыкка” билдирди. Ал ошондой эле көчкү жүрүү коркунучунан улам Ысыккөл облусундагы Каракол-Эңилчек жол каттамы жабылгандыгын, Түп-Кеген автожолун калың жааган кар бөгөп калганын, учурда жолду тазалоо иштери жүргүзүлүп жатканын маалымдады.