Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Аксы окуясында жабыркагандарга жардам көрсөтүү тууралуу мыйзамга кол коюлду


БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиев «Аксы аймагында 2002-жылдын 17-18 мартындагы окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга мамлекеттик социалдык жардам көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 28-декабрда президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Аталган мыйзамга ылайык, гарантияланган минималдык керектөө деңгээли үч эсе өлчөмгө чейин көбөйтүлөт. 2006-жылдын 1-январынан тартып минималдык керектөө деңгээли 175 сом болот. Мыйзам жаңы жылдын алгачкы күнүнөн тарта күчүнө кирет.
Белгилей кетчү нерсе, 27-декабрда президент Курманбек Бакиев Аксы районунун өкүлдөрүн кабыл алып, анда Аксы окуясына күнөөлүүлөрдү сот жообуна тартуу маселеси козголгон жана мамлекет башчы Аксы окуясына күнөөлүүлөр жазаланышы керек деген пикирин билдирген. Аксылыктар ошондой эле президентке Аксы окуясына күнөөлүү деп эсептелген адамдардын ысымдары жазылган тизмени тапшырышкан. 2002-жылдын 17-мартында Аксы районунда болгон окуяда 5 адам милиция тарабынан атып өлтүрүлгөн. Ошондон бери бул окуяга күнөөлүүлөрдү Аксы эли сот жазасына тартууну талап кылып келет.

XS
SM
MD
LG