Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:49

Өзбекстандык качкындар өз өлкөсүнө өткөрүлүп берилбеши керек


Бишкек. Үстүбүздөгү жылдын июнь айынан тарта Анжиян окуяларынан кийин Ош шаарынын убактылуу абагында кармалып турган өзбек качкындарына байланыштуу Бишкек шаарынын чечимине карата Жогорку сотко апелляциялык арыз «Адилет» укук коргоо уюму тарабынан даярдалууда. Кыргызстандагы бир катар бейөкмөт уюмдары төрт качкын Өзбекстанга эмес, үчүнчү өлкөгө өткөрүлүп берилиши керек деген көз карашта. «Бул маселеде кандайдыр бир саясий кысым да бар, мисалга алсак, газга байланыштуу, бирок, адамдын укуктары баарынан жогору турушу керек»,- дейт Төлөйкан Исмаилова. Кыргызстан Бирккен Улуттар Уюмунун 1951-жылкы какындардын статусу жөнүндөгү Конвенцияга жана 1967-жылдагы Протоколго кошулган өлкө катары бул документтерде каралган нормаларды аткарууга милдеттүү. Ал эми аларга ылайык, төрт өзбек качкынына Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы Качкындар боюнча башкармалыгы тарабынан мандаттуу качкындар макамы берилгенден кийин, Кыргызстандын аларды Өзбекстанга өткөруп берүүгө укугу жок.

XS
SM
MD
LG