Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:11

Киев менен Маскөө ортосундагы газ чатагы чечиле элек


Украинанын мамлекеттик мунай компаниясы "Нафтогаздын" жетекчиси Алексей Ивченконун бүгүн билдиргенине караганда, өлкөнүн жер алдындагы корлорунда кышка жете тургандай табигый газ бар. Аны менен катар Ивченко Украина элине кайрылып, кубат булактарын үнөмдөөгө чакырды. Кечээ күнү Орусиянын "Газпром" ишканасы Украинага 1-январдан тартып газ бербей турганын билдирген, анткени эки мамлекет анын баасы тууралуу мунасага келе албай жатат.Мурда Украина бир миң куб метр үчүн 50 доллар төлөчү, азыр болсо Маскөө 230 доллар талап кылып жатат. Укранинанын корлорунда 30 миллиард куб метр газ бар экени тууралуу айтылууда.

XS
SM
MD
LG