Ливиянын Жогорку соту жүздөгөн балдарга ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алган окуялар үчүн айыпталып, өлүмгө буйрулган палестин догдуру жана беш болгар медсестранын ишин кайра карап чыгуу чечимин кабыл алды. Ишембиде Болгариянын президенти Георги Парванов Ливия менен Европалык өкүлдөр ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн улам иште жылыш болот деген үмүтүн билдирген. Болгариялык медицина кызматкерлери күнөөсүз экенин айтып, мурдараак Ливиялык тергөөчүлөрдүн кысымы астында айыпты мойнуна алганын билдиришкен. СПИД боюнча эксперттер Ливияда 400дөн ашуун баланын ВИЧ-инфекцияны жуктуруп алганы болгар кызматкерлери барганга чейин эле орун алганын, окуяга гигиеналык начар жагдай себеп болгон деген пикирде.