Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:23

ЖҮЗДӨЙ АДАМ КАРАСУУ РАЙОНДУК СОТУНУН ИМАРАТЫН БАСЫП АЛДЫ


Кубанычбек Жолдошев, Карасуу 24-декабрь күнү Папан айыл өкмөтүнөн келген жүз чамалуу адам Карасуу райондук сотунун имаратын басып алып, төрт сааттан ашуун ал жерде нааразылык акциясында турушту. Нааразылык акциясынын катышуучулары Папан айыл өкмөтүн шайлоодо 295-участоктогу добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгаруу боюнча соттун чечимин адилетсиз деп эсептешип, ишти кайра кароону соттон талап кылышты.

Өздөрүн 18-декабрь күнкү Папан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо утуп чыккан 25 жаштагы Медербек Мырзабековдун жактоочуларыбыз деп тааныштырган адамдардын тобу эртең мененки тогуздар чамасында Карасуу райондук сотунун имаратын басып алышты. Андан соң аталган айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы боюнча ишти караган судья Нурмухамед Хамдамовдун чыгарган чечиминин маңызын негиздеп берүүнү талап кылышты:

- Сот эки тараптан тең адамдарды катыштырып, туура чечим чыгарышы керек эле. Бул жерде бир гана тарап катышты. Сот кандай адилеттүү болот? Биз бул жерден жөн кетпейбиз, сотту иштен кетирип, анан гана кетебиз, – деди Папан айыл өкмөтүнүн тургуну Тайырбек Токтоматов.

Шайлоодо утуп чыккан талапкер Медербек Мырзабековдун адвокаты Идирис Кубатбеков 23-декабрь күнү кечинде болуп өткөн сот жараянында судья тарабынан одоно мыйзам бузууларга жол берилди деген оюн ортого салды:

- Сот жараяны өтө чукул, кызыкдар тараптарга билдирилбестен, бир тараптын гана кызыкчылыгын көздөп белгиленген. Экинчиден, ошол сот жараянынын жүрүшүндө бир гана арыздануучулар күбө катары сурактан өткөн, андан башка эч бир кошумча күбө берүүчү адамдар чакыртылган эмес.

Соттун чечимине нааразы тараптын өкүлдөрү Папан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча ишти караган судья Хамдамовду өз жумушчу ордунан таба алышкан жок. Кезметчи судья Турдубек Суранбаев соттун чечимине нааразылыктын себептерин төмөндөгүчө түшүндүрдү:

- Судья Хамдамов чечим кеч чыкканына байланыштуу эртең менен жарыялаптыр, бирок көчүрмөсүн жазып атыптыр, азыр келип берет экен. Менимче, бул адамдар барыгы аң-сезимдүү, соттун чечимин алып окуп көргөндөн кийин, нааразылыгын Жогорку сотко арыз жазса, ошол жакта чечилет.

Ишти караган судья Хамдамовдун ишенби күнү жумуш ордунда болбой тургандыгын билишкен соң нааразылык акциясынын катышуучулары сот кызматкерлеринен кечеги сот жараянындагы чечимдин көчүрмөсүн талап кылышты:

- Судья кечээ элди чакырбай эле өздөрү чечим чыгарып коюптур, биз ушуга абдан капабыз. Биз азыр кетпейбиз, акимиатка барабыз, Жогорку сотко чейин кайрылабыз. Биз судьяны адилетсиз деп эсептейбиз, – деген оюн билдирди нааразычылык акциясынын катышуучуларынын бири Абдыраим Кожобеков.

Төрт сааттан ашуун турушкан Медербек Мырзабековдун жактоочулары дүйшөмбү күнү кайра келишерин эскертишип, соттун имаратын бошотуп таркап кетишти.

XS
SM
MD
LG