Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Саддамдын кылмыштары ашкере болууда


Голландиянын соту 1988-жылы Иракта миңдеген күрттөрдүн өлтүрүлүшү геноцид болгон деп аныктады. Сотто Голландиялык ишкер Франц ван Анрааттын иши каралып, ал ошол кездери адамдардын өлүмүн шарттай турган химиялык уулуу заттар менен Саддам Хусейндин бийлигин камсыздап турганы үчүн 15 жылга түрмөгө кесилди. Саддамдын өкмөтүнө 1000дей тонна уулуу зат саткан ван Анраат Ирактын мурдагы бийликтери аларды адамдарды өлтүрүүгө колдоноорун билген эмесмин деп актанды. Гаагадагы соттун өкүмү Багдадда каралып жаткан Саддамдын ишине таасир этет дешет эксперттер.

XS
SM
MD
LG