Махмуд Ахмадинежад президент гана эмес, ал өлкөнүн Маданият боюнча революциялык жогорку кеңешин дагы жетектейт. Ал Кеңеш жакында Батыш музыкасын өкмөттүк уналгы-сыналгыда пайдаланууга чек салуу керек деген бүтүмгө келди. Кеңештин резолюциясына ылайык, ындыны өчкөн батыш музыкасы Иран элине таасир кылбаш керек, ошондуктан өлкөнүн өкмөттүк сыналгы жана үналгы түйүндөрүндө Иран элинин менталитетине ылайык келген жана исламдык маданиятка зыян тийгизбеген гана музыка ойнолуш керек.
Анткен менен, белгилүү музыкант жана укук коргоочу Пежман Акбарзаденин айтымында, бул резолюция ишке кантип ашырылаары азырынча белгисиз: "Кабыл алынган бул жаңы чечим мага - Иранда Исламдык революция жаңы болгондон кийинки жылдарда кабыл алынган чечимди эске салат. Ал чечим боюнча, Исламдык эрежелерди тааныбаган жана сыйлабаган музыка өлкөдө ойнолбош керек болчу. Аны ар башка түшүнсө болот жана жаңы чечим дагы ошондой эле так эмес. Кандай музыкага тыюу салынып жатканы түшүнүксүз жана кимди сурабаңыз - эч ким ага так жооп бере албайт", - дейт Акбарзаде.
Мурда дагы Иранда Батыш музыкасы ачык колдонулчу эмес, сыналгы же үналгы аркылуу алар ойнолсо, үнсүз гана ойнолчу жана көбүнчө классикалык музыкага басым жасалчу. Анткен менен мурдагы президент Мохамед Хатаминин учурунда бийликтин бул багыттагы саясаты бир топ эле жумшак болгон. Өлкөгө сырттан алып келинген үн табактар же лазер дисктерин Иранда дайым жашыруун соодагерлерден сатып алуу мүмкүн болчу. Андан тышкары спутник антенналары бар адамдар Батыш радио же телеканалдарын түз кармап, Батыш артисттеринин ырларын түз көрүп-уга алат.
Бирок бийликке жаңы президент келгенден бери диний эрежелер бир кыйла катуулана баштады, ал Израилге каршы бир нече билдирүү жасады жана ноябрда - өлкөнүн бардык саясий, экономикалык жана маданий аракеттери Исламдык баалуулуктарды күчөтүү үчүн иштеш керек деп жарыялады. Анткен менен бул жарыялар жүзөгө кантип ашырылаары белгисиз жана Батыш музыкасы боюнча чечим дагы кантип аткарылаарын дагы эл азырынча билбейт.