Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:00

Алматовго каршы арыз берилди


Германияда Өзбекстандын ички иштер министри Закир Алматовго каршы доо арыз берилди. Анда Алматов кыйноо жана адамзатка каршы кылмыш жасаган деп айыпталган. Бул тууралуу Хьюмен райт уотч уюму билдирди. Маалыматка караганда, Алматовго каршы арызды Германиянын федералдык прокуратурасына Анжиян окуясы учурунда жабыркаган адамдар берди. Белгилүү болгондой учурда Алматов Германияда дарыланууда жүрөт. Адамзатка каршы жасалган кылмыш боюнча ал каерде жасалбасын кылмыш ишин козгоого немис мыйзамдары жол берет.

XS
SM
MD
LG