Бүгүн Ливанда парламент депутаты жана журналист Жибран Туэйни акыркы сапарга узатылды. Ал 12-декабрда болгондон террордук актыда каза болгон эле. Парламенттеги Сирияга каршы депутаттар жалпы нааразылык акциясына чыгууга элди чакырды. Алар террордук чабуулга Сириянын тиешеси бар деп шектенүүдө.