БИШКЕК. 9-декабрда “Пирамида” ЖЧКсынын жаңы жетекчилигин шайлоо максатында аталган уюмдун жалпы акционерлеринин жыйыны өттү. Бирок акционерлердин бир бөлүгү “Инвест-медиа” ЖЧКсынын ээлик кылуусуна нааразылык билдирип чыгып кетишкен. “Инвест-Медианын” өкүлдөрү ошого карабай калган акционерлер телеканалдын жетекчилигине Олег Вассилди шайлаганын айтышууда.
Телекомпаниядагы акыркы кырдаал тууралуу “Азаттыкка” ушул эле күнү “Пирамиданын” кабарлар бөлүмүнүн редактору Нургүл Жокинова буларды билдирди:
- Күндүзгү саат үчтөр чамасында сыртта чымыр денелүү жигиттер пайда болуп, камераны алып чыгып тартаарда кача башташты. Андан кийин саат бештер чамасында Октябрь РИИБинин кызматкерлери келишти. Биздин жамаат бут сыртка чыктык. Ошол бойдон кечке дейре турдук. Бизге кайдыгер карабаган адамдар келишти. Мындан сырткары Акыйкатынын орун басары Садык Шернияз, ЖК депутаты Кабай Карабеков да бул жерде болушту.
Нургүл Жокинованын айтымында, бул күнү “Пирамиданы” колдогон жүзгө чукул адам чогулган. Маалыматтарга караганда, милиция кызматкерлери бул жерге келишин журналисттердин тартипсиздикке барышы тууралуу кабар болгону менен түшүндүрүшкөн.
Ал эми “Инвест-медиа” компаниясынын өзүн Сергей деп тааныштырган өкүлү буларды айтты:
- “Инвест-Медиа” компаниясы “Аэропаг-Бишкек” компаниясынан бөлунүп чыккан. “Аэропаг Бишкек” медиа багытын ушул компанияга өткөрүп берүүнү чечти. Бул жерде “Пирамиданинын” үлүшүн сатуу жөнүндө кеп жок. “Инвест медиа” - көз карандысыз компания. Анын жаңы бийлик менен эч кандай байланышы жок. Айрым депутаттардын компанияны коррупцияга байланыштуу айыптап жатканы туура эмес. Компания өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн алардан кечирим суроону талап кылышы же сотко кайрылышы мүмкүн.
8-декабрда аталган телекомпаниянын башкы редактору Элина Чернявская парламентте өткөн жыйында “Пирамидага” президент Курманбек Бакиевдин уулу ээлик кылууну көздөп жатат деген пикирин айткан. Ал эми президенттин маалымат кызматынан “Азаттыкка” мындай дооматтар чындыктан алыс экендигин билдиришти.