Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:21

ИРАН ПРЕЗИДЕНТИ КАЙРАДАН ИЗРАИЛГЕ КАТЫЛДЫ


Улуттар Уюму,Кошмо Штаттары жана европалык өлкөлөр Иран президенти Махмуд Ахмединежаддын Израилге багыштаган кезектеги кекээрдүү сөздөрүн кескин айыпташты. Меккеде ислам конференциясы уюмунун жыйыны аяктаган соң маалымат жыйынын өткөрүп, Ахмединежад Израилди Европага көчүрүү керек деп билдирди. Быйыл октябрда болсо ал жөөт мамлекетин дегеле жер бетинен жексен кылууга чакырган эле.

Меккедеги маалымат жыйынында иран президенти Махмуд Ахмединежад: “Европалык айрым өлкөлөр дүйнөлүк экинчи согуш маалында Гитлер миллиондогон еврейлерди тирүүлөй өрттөп өлтүргөн дешет,кокус мындан күмөнсүгөн бирөө жарым чыкса, аны соттоп,түрмөгө салышат”, - деп билдирди. Андан ары ал холокосттун чындыгына ишенбей турганын айтып, эгер европалыктардын ушул ырастамалары туура болсо,анда сионисттерге эски материктен,айталы,Германиядан же Австриядан жер берүү жүйөлүү болорун кошумчалады.”Биз муну колдойбуз,-деп айтты иран президенти. - Алар (жөөттөр) Европада адилетсиздикке кабылса,эмне үчүн анын кысасын палестиналыктардан чыгарып жатышат?”
Иран президентинин бул сөздөрүн Израил тап жылдырбай сындап чыкты. Өлкөнүн тышкы иштер министри Силван Шаломдун айтымында, Тегерандагы режим Израилди жок кылуу идеясы менен чындап ирише баштаган сыяктанат,ошондуктан анын атомдук курал жасоо максатын тез арада ойрон кылуу керек. Бул үчүн европалык өлкөлөр жана орустар америкалыктарга кошулуп,Ирандын маселесин ООНдун коопсуздук кеңешине берүүгө тийиш,бул канчалык эрте болсо,министрдин айтымында,ошончолук жакшы болот.
Вашингтондо мамлекеттик департаменттин өкүлү Адам Эрели да иран президентинин акыркы сөздөрү мурдагы кептериндей эле өтө одоно жана осол апаз болгонун, мунун баары Иран өкмөтү дүйнөлүк жамааттын жоопкерчиликтүү мүчөсү болууга даяр эместигин көрсөтөрүн белгиледи. Ак үйдүн өкүлү Скот Макклеллан Вашингтон Тегерандын саясатынан жөн жерден кооптонуп жатпаганын, бул режимди атомдук курал түзүү мүмкүндүгүнөн ажыратуу ушул себептен улам маанилүү экенин кошумчалады.
Германиянын канцлери Ангела Маркел,Британиянын тышкы иштер министри Жек Стро иран президентинин сөздөрүн “азыркы замандагы саясий талаштарда таптакыр кабыл алгылыксыз” жоболоң деп баалашты. ООНдун баш катчысы Кофи Аннан өткөн айда эле Башкы ассамблея холокостту танган ар кандай аракетти кескин четке каккан резолюция кабыл алганын эске салды.
Айрым байкоочулардын айтымында, Ахмединежад мындай чуулган билдирүүлөр менен өзүнө көңүл бурдургусу келет. Ирандагы белгилүү журналисттердин бири Масуд Бенуд президент эл аралык чуу чыгарып, ал аркылуу радикалдуу дүйнөгө таанылганга умтулуп жатканын жана ал бул максатына жеткенин белгиледи. Сауд арапстанда чыгуучу англис тилиндеги гезиттин редактору Файсал Али болсо иран президенти Меккедеги саммит маалында эч кандай комментария жасабагандыгын,Израилди региондон көчүрүү жөнүндөгү сөздөрүн арап телеканалдарынын бириндеги интервьюсунда айтканын тактады. Анын сөздөрүн ырасмий чөйрөдө эч ким колдогон жок, бирок көчөдөгү элдин кыбаасын кандырды. Адамдар мындай кептерди жакшы көрөт, анткени палестин маселеси жалпы Жакынкы Чыгышта чоң проблема,деп айтты Файсал Али. Анын гезитинде жарыяланган бир макалада Ахмединежад “АКШга каршы катаң позициясы менен бүткүл мусулман дүйнөсүндө колдоо тапканы” айтылат.
Ирандын өзүндө болсо президенттин Меккедеги сөздөрү бийликтин айрым чөйрөлөрүн ыңтайсыз абалда калтырган сыяктанат.Бери эле дегенде кээ бир ырасмий өкүлдөр менен реформачыл саясатчылар президенттин сөздөрүнө өкүнүү билдиришти. Мындай калпыстыктар Ирандын улуттук кызыкчылыктарына зыян келтирет,деп айтышты алар.
Өлкөнүн диний жолбашчысы аятолла Али Хаменеи президенттин октябрдагы сөздөрүн кубаттап,ошол эле учурда ал мындай алачапмалыгын токтотушу керек деп айткан эле.

XS
SM
MD
LG