Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:51

Иракта бүгүн ири жарылуу болуп, отузга жакын адам өлдү.


Ирактын борбору Багдад шаарында бүгүн бир жанкечти автобуста баратып өзүн өзү жардырып жибергенден кеминде 30 адам набыт кетти. Төрт батыш жаранын барымтага алгандар болсо туткундарды өлтүрүү мөөнөтүн дагы 48 саатка узартты, алар Ирактын абактарында кармалгандардын баарын бошотууну талап кылууда. Британиянын тышкы иштер министри Жек Стро барымтачыларга кайрылып, Ирактагы британ өкүлдөрү менен байланышууну суранды. Жапониянын премьер-министри Дзюнитиро Коидзуми бүгүн билдиргенге караганда Ирактагы 600 жапониялык аскер өлкөдө дагы бир жылга калат.

XS
SM
MD
LG