Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Ташкенде газ боюнча сүйлөшүүлөр болду


БИШКЕК. “Кыргызгаз” акционердик коомунун жетекчисинин орун басары Саламат Айтикеевдин «Азаттыкка” 2006- жыл ичинде Кыргызстанда газ боюнча кыйынчылыктар болбойт деп билдирди. Аталган ишкананын делегациясы 8- декабрда Ташкенге барып “Узтрансгаз” менен сүйлөшүүлөрдү дагы бир иерт жүргүзүп келди. Айтикеев мырзанын айтымында, өзбек тарап менен сүйлөшүүлөр боюнча азырынча так маалымат бере алышпайт. “Бирок өзбек тарап Кыргызстандын айрым шарттарына макул болду” деп билдирди Саламат Айтикеев. Буга чейин Өзбекстандан газдын миң кубометрин 40 доллардан алып келсек, Өзбекстан 2006- жылдан тарта газдын баасын 55 долларга көтөрүүдө. Бирок кыргыз тарап буга чейинки Ташкенде болгон сүйлөшүүлөрдө “көгүлтүр отундун” баасын түшүрүүгө аракет жасаган. “Кыргызгаз” акицонердик коомунун жетекчилиги газдын баасы тууралуу сөз кылуудан баш тартты.

XS
SM
MD
LG