Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:23

САДДАМГА КАРШЫ СОТ САДДАМСЫЗ УЛАНУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Багдад шаарында мурдагы президент Саддам Хусейн жана дагы жети башка адамка каршы сот уланууда, бирок 7-декабрда сот жыйынына Саддам өзү келген жок. Багдаддагы батыш жарандарын барымтага алгандар болсо - абактардагы бардык туткундар бошотулбаса, барымтага алынгандар өлтүрүлөт деп билдирүүдө.

Саддамга каршы сот 5-декабрда башталган жана анын алгачкы эки күнүндө күбөлөр суракка алынып, 1982-жылы Дужейл шаарында кармалган бир жүз кырктан ашык адам кыйналып өлтүрүлгөнү тууралуу айтып берди. Ишке бардыгы болуп онго жакын күбө тартылган жана 7-декабрда алардын дагы экөө суралды, бирок 6-декабрдагы сот жыйыны аяктап баратканда Саддам - эртеңки сотко мен келбейм, анткени ал мыйзамсыз, бул иштин баары Америкада жасалган нерсе деп билдирген: "Сионисттер жана америкалыктар Саддамды дарга асууну эңсеп жатат. Анте албаса алар кумурскадан да алсыз. Өлүм жазасына тартылуу коркунучун мен мурда деле башыман кечиргем", - деди Саддам Хусейн 6-декабрда.

Эртеси Саддам жана анын бир адвокаты чындап эле сотко келген жок жана трибуналдын төрагасы адвокаттар менен көпкө сүйлөшүп, аларды көндүрө албады. Натыйжада сот бир нече саат кечигүү менен 7-декабрда Саддамсыз уланды.

Иракта аракеттенген лашкерлер болсо 26-ноябрдан бери Батыш өлкөлөрүнүн жети жаранын барымтага алып кетти жана өзүн "Ирактын исламдык армиясы" деп атаган уюм атайын билдирүү жасап, өлкөнүн абактарында кармалгандардын баары 48 сааттын ичинде бошотулбаса, туткунга алынгандар өлтүрүлө баштайт деп жарыялады.

6-декабрда болсо Саддамга каршы сот жүрүп жаткан имаратты кайтарган Салам Жерлис деген полциячынын сегиз жашар Карам деген уулу уурдалып кетти. Өлкөнүн түндүгүндөгү Киркук шаарында болсо 7-декабрда жыйырмага жакын куралчан адам шаардык ооруканага чабуул жасап, анда жаткан бир адамды бошотуп кетти. Ал жигит - Саддамга каршы тергөө жүргүзгөн сотту өлтүрүү аракетин даярдагандардын бири болчу деп кармалган.

Саддамга каршы сот 19-октябрга дайындалган бирок ар башка себептерден токтотулуп отуруп, бир жарым айдан кийин гана башталды. Анын аралыгында Саддам жана башка соттолуп жаткан жети адамдын эки адвокаты өлтүрүлүп кетти, дагы бир адвокатка кол салынгандыктан, ал өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду.

XS
SM
MD
LG