БИШКЕК. «Кыргыз-америка достук комитети» деп аталган коомдук уюмдун 15 чамалаш мүчөсү Кыргызстанда жайгашкан «Ганси» аба-аскерий базасына кысым көрсөтүүнү токтотууну талап кылып 7-декабрда өкмөт үйүнүн алдына чыгышты. «Гансиден колуңду тарт!» деген өңдүү бир катар талаптарды кагазга жазып көтөрүп алган пикетчилер Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри, Евразия иликтөө институтун өнүктүрүү фондунун башчысы Аскар Айтматов менен бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиеваны айыпташты. Бул уюмдардын демилгесинде бир күн мурда «Кант авиабазасынын учурдагы абалы, келечеги» аттуу тегерек үстөл талкуусу өтүп, анда АКШнын Кыргызстанда жайгашкан «Ганси» авиабазасынын ишмердүүлүгүн таразалоо парламентке сунушталган.