Ага уюмга мүчө 53 жана өнөктөш 9 мамлекеттин делегациялары, анын ичинде 40тай өлкөнүн тышкы иштер министри катышары күтүлүүдө. Орусия бүгүнкү жыйында АКШ жана анын өнөктөштөрү менен талаштуу маселелерде мунасага барууга даяр. Бул тууралуу кечээ орус тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. Баяндамачылар ЕККУга мүчө өлкөлөрдүн Словениядагы жыйынында Орусия менен Батыш өлкөлөрү ортосунда маанилүү маселелер, анын ичинде шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча чоң талаш-тартыштар орун аларын болжолдошкон эле. Орусия буга чейин ЕККУну шайлоодо байкоо жүргүзүүдө бир тараптуулукту карманат деп айыптаган болчу. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун кечээ Люблянадан кабарчыларга айтканына караганда, Москва ЕККУну шайлоолорго байкоо салууда кош стандартуулугу үчүн эмес, "окшош стандарттарынын жоктугу үчүн" сындаган. Ал белгилегендей, Москва ЕККУнун байкоочулар миссиясы кантип түзүлөрү жана алардын иши жөнүндө ким чечим чыгарары жөнүндө көбүрөөк маалымат алууну каалайт.