Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:18

БШКнын байкоочулары Казакстанга кетишти


БИШКЕК. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов баштаган БШКнын 20 кызматкери Казакстанда 4-декабрда боло турган президенттик шайлоого байкоочу катары жөнөп кетишти. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан билдиришти. Алар шайлоо жараянына Астана, Алматы, Жамбул шаарларында байкоо салышат. 4-декбарда Бишкектеги Казакстан элчилигиндеги добуш берүүгө БШКнын 7 байкоочусу көз салаары күтүлүүдө. Президент Курманбек Бакиев Казакстандагы бул шайлоого карата 1-декабрда билдирүү тараткан. Анда бул шайлоо эл аралык жана демократиялык нормаларга ылайык өтөт деген ишенимин билдирген. Ошондой эле мамлекет башчы Казакстандагы коопсуздук жаатында жүргүзүлүп жаткан чараларды түшүнүү менен кабыл алаарын билдирген. Казакстандын айрым маалымат каражаттары чоң шаарларда коопсуздукту сактоо үчүн аскердик күчтөр да тартылып жатканын маалымдашууда.

XS
SM
MD
LG