БИШКЕК. 2005-жылы сентябрь айында Жогорку Кеңештин депутаты, маркум Баяман Эркинбаев менен жеке тааныштыгы бар Батыров деген адам Эркинбаев республикадагы колонияга 20 кг героинди жеткирип берем деген убадасына турбагандыгы үчүн криминалдык авторитет Рузиметов менен депутатты атайын өлтүрүүнү уюштурушкан. 21-сентябрда Батыров жана Рузиметов саат 20ларда Cултан Абалаевди Баяман Эркинбаев жашаган Гоголь көчөсүндөгү 111-үйгө алып келишкен. Саат 22ден 10 минут өткөндө чеченстандык Султан Абалаев тапанча менен Эркинбаевди аткан. Бул тууралуу Улуттук Коопсуздук кызматынын жетекчиси Таштемир Айтбаев Жогорку Кеңеште билдирди. Анын айтымында, Жалалабад облусунун Акман айылынын тургуну Батыров жана Рузиметов кармалып, алардын үстүнөн тергөө иштери аяктап калды жана жума соңунда кылмыш иши сотко өткөрүлөт. Ал эми Султан Абалаев Орусияга качып кеткен. Учурда Абалаев Орусиянын күч органдары тарабынан издөөдө.
Таштемир Айтбаев Баяман Эркинбаевдин өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши жакын арада сотко өткөрүлөөрүн билдирди:
- Тергөө аяктады. Азыр адвокаттар жана Рузиметов, Батыров материалдар менен таанышып жатат. анан ишти сотко өткөрөбүз.