Өлкөнүн оппозициясы бул өнөктүктү бойкоттоду. Баш мыйзамга киргизилчү алымча-кошумчалар сот, аткаруу жана мыйзам чыгаруу бутактарынын так бөлүнүшүн көздөйт. Добуш берүүгө Армениянын жарандарына башка өлкөлөрдүн жарандыгын алууга жол ачкан сунуш да коюлган. Кошмо Штаттары жана Европа Биримдиги мындай демилгелерди кубаттап, конституциялык өзгөртүүлөр Армениядагы демократияны чыңдоого салым кошот, деп ырасташат. Европа Кеңешинин жардамы менен иштелип чыккан алымча-кошумчалардын колдоо табышы үчүн добуш берүүчүлөрдүн кеминде үчтөн бир бөлүгү “ооба” деп жооп бериши керек. Саясий аналитикктер элдин төмөн катышуусу Кочаряндын пландарын үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн дешет.