Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:25

Конституциянын альтернативдүү долбоору да элге коюлушу ыктымал


БИШКЕК. “Президент Курманбек Бакиев Аскар Акаевдин системасын сактап калам деп ойлоп атат”, - деп билдирди “Азаттыкка” Өмүрбек Текебаев. ЖК төрагасы Өмүрбек Текебаевдин пикиринде, элдик талкуудан кийин Конституциянын жаңы долбоору ушул эле бойдон калса, аны менен кошо Башмыйзамдын альтернативдүү долбоорун да референдумга чыгаруу керек. Жогорку Кеңештин төрагасы Конституциянын азыр талкууланып жаткан жаңы редакциясы менен макул эмес.

Бир нече саясий партиялар жана кыймылдар өз алдынча Конституциянын долбоорун даярдап жаткандыгы маалым. Өмүрбек Текебаев мындай саясий күчтөр биргелешкен долбоор даярдап чыкканы оң, деп эсептейт. Бирок юстиция министри Марат Кайыпов бул мүмкүн эмес, деген пикирин билдирди. Министрдин айтымында, биринчиден, референдумга кайсы маселелер коюлаарын президент гана чечет, ал эми Башмыйзамды парламент карай турган болсо депутаттар мыйзам боюнча бир гана долбоор менен иштегенге акылуу.

XS
SM
MD
LG