Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:22

ЖК төрагасы президентке ветону кайтарып алууну сунуштады


БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиев дайым көз карашын өзгөртүп келүүдө. Жогорку Кеңеш референдум тууралуу Конституциялык мыйзам долбоорун кабыл алса, ага президент вето койду. Муну менен биз 15-20 жылда да Конституцияны кабыл ала албайбыз. Ал үчүн президент ветосун кайра кайрып алуу керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев 25-ноябрда “Конституциялык реформа: эл аралык баа” деген аталыштагы конференцияда билдирди. Ал президенттин парламенттеги өкүлү Данияр Нарынбаевди жыйында айтылган сын-пикир, сунуштарды жашырып-жапбай, президентке ачык-айкын жеткирүүнү өтүндү.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюумунун лидери Азиза Абдырасулова Конституцияга өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизилбей, мурдагы эле Баш мыйзам сыяктуу аткаруу бийлигине ылайыкташтырылганын сынга алды. Ал эми депутат Кубатбек Байболов Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүн башка жолго салып, Баш мыйзамдын жаңы долбоору Конституциялык сотту алып калуу, Жогорку соттун төрагасын кызматтан кетирүү, өлүм жазасын алып салуу кызыкчылыгын көздөөрүн белгиледи. Венеция комиссиясынын катчысынын орун басары Томас Маркерт конференцияга аялдардын көп катышкандыгына баа берип, жыйында эки күндөн берки жана буга чеийн айтылган сунуштарды жана өлкөдөгү саясий туруктуулукту эске алып, Конституциялык реформа жүргүзүү керектигин билдирди.

XS
SM
MD
LG