ОШ. 25-ноябрь күнү Ош шаардык мэриясында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен болгон жолугушууда, оштук Ооган согушунун жана Баткен коогалаңынын катышуучулары мамлекет тарабынан кепилдик берилип, мыйзамдаштырылган алардын укуктары бийлик тарабынан одоно бузулуп жаткандыгын билдирүү менен алардын маселелерин чечип берүү багытында 12 пунктан турган талап коюшту. Алардын арасында турак-жай куруу үчүн кезексиз жер участогун бөлүп берүү, электр энергиясы, газ жана башка коммуналдык тейлөө үчүн акы төлөөдө мыйзамда көрсөтүлгөн жеңилдиктерди киргизип, жолго коюп берүү сыяктуу талаптар бар. Мындан сырткары учурда шаардык бийликте иштеп жатышкан, мурдагы биликте да коррупциялык ишмердүүлүгү менен белгилүү болуп келген деп эсептелинген жетекчилердин тезинен кызматтан кетүүсүн талап кылган саясий маселелер да бар. Ооганчылар менен жолугушкан шаар мэри Жумадыл Исаков алардын социалдык маселелерин чечүү үчүн бир ай убакыт сурады. Бирок ооганчылар мындай убадалар мурдагы бийликтин учурунда да көп айтылып келгендигин айтышып, жакынкы он күн ичинде коюлган маселелер чечилбесе, бийликке таасир этүүчү башкача чараларга бара тургандыктарын эскертишти.