Грузиянын премьер-министри Зураб Ногайдели бүгүн Маскөөгө келип, орус премьер-мирнистри Михаил Фрадков жана тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугуп, Грузиянын курамындагы Абхазия жана Түштүк Осетия жумурияттарындагы абалды талкуулады. Эртең Маскөөдө Шериктештикке кирген мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйыны өткөрүлөт жана ага кыргыз премьери Феликс Кулов да катышат. Өткөн аптада Санкт-Петербург шаарында болгон Шеркитештиктин парламенттик жыйынына Грузия катышпай койгон.