Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун мурдагы кабарчысы Галима Бухарбаевага Эл аралык “Сөз эркиндиги” сыйлыгы кечээ кечинде Нью-Йоркто тапшырылды. Журналисттерди коргоо комитетинин сыйлыгы Бухарбаевага өз өмүрүнө келтирилген коркунучка карабастан, Анжияндагы кан төгүүнү чагылдырган эрдиги үчүн ыйгарылды. Бухарбаева Кошмо Штаттарына качууга аргасыз болгон.