Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

ИРАК ПРЕЗИДЕНТИ ИРАНДА


Тегеранда үч күндүк сапар менен жүргөн Ирактын президенти Жалал Талабани Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад жана руханий көсөмү Аятолла Али Хаменейи менен кездешти. Талабани соңку 40 жылда Иранга келген Ирактын биринчи президенти. Талдоочулардын айтымында, Вашингтон Тегеранды Ирактын ички ишине кийгилишүүдө деп айыптап жатканына карабастан, акыркы мезгилде ирактык-ирандык байланыштар тез жакшырып барат.

Президент Жалал Талабани дүйшөмбү күнү Иранды бир тууган өлкө деп атап, Тегеранга стратегиялык кызматташууну бекемдөө жана терроризмге каршы күрөштө жардам алууга келгенин билдирди:

- Иран Ислам Республикасынын президенти айткандай, Ирактын коопсуз жана көзкарандысыз болушуна Ирак өкмөтүнө катар Иран эли да кызыкдар. Менин оюмча, Иран бизге террорчулукка каршы күрөшүүгө жардамдашат. Террорчулар азыр шииттер, күрттөрдөн тартып, алардын буйругуна баш ийбеген адамдарды, Ирак элин жок кылуу үчүн согуш баштаганы сиздерге маалым.

Иран президенти Махмуд Ахмединежад Тегеран менен Багдаддын денелери башка, бирок жандары бир экенин белгиледи:


- Биз Ирак элдеринин мамлекеттик эгемендигин жана территориялык бүтүндүгүн, ошондой эле Ирактын күнкорсуздугун жана өнүгүүсүн камтыган саясый жараяндарды колдойбуз.

Эки президент тараптардын бардык тармактарда кызматташууга дилгирлигин да билдиришти. Багдад-Тегеран арасындагы байланыш Ирактын жаңы өкмөтү курулгандан бери ылдам жакшырууда. Соода, курулуш жана коопсуздук жаатында кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюлган. Талабанинин визити маалында чек ара коопсуздугу тууралуу келишим түзүлөт деген кабар бар.

Байкоочулар Талабанинин сапарын 1980-88-жылдары өз ара согушкан эки өлкөнүн байланышы жакшыра баштаганын дагы бир белгиси дешет.

Ирандык журналист Хасан Фатхинин сөзүнчө, визиттин эки максаты бар:

- Биринчиден, Талабани Иран менен болгон достукту өзүнүн күрт жамаатынын кызыкчылыгы үчүн пайдалангысы келет. Ал Ирандын аброюн шайлоолор жана башка жараяндар учурунда колдонууну көздөйт. Анын экинчи максаты, Ирандын таасирин азыркы кырдаалга каршы топторду тилге салууда же Иракта тартип жана тынчтык орнотууда жана ич ара келишпестиктерден чыгууда пайдалануу.

Иран-Ирак мамилелери АКШ бийликтери Тегеранды террорчулардын Иракка кирүүсүнө жардамдашууда, шиит көпчүлүктөрү менен сунни азчылыктары арасындагы араздашууга от бүркүүдө, деп күнөөлөп жаткан шартта жакшырып баратат. Британ өкмөтү да Иранды Түштүк Ирактагы кырдаалга киришүүдө деп күнөөлөгөн. Тегеран мындай айыптоолорду четке кагып келет.

Айрым байкоочулардын пикиринде, Иран менен АКШнын арасындагы араздашуунун себебин алардын Ирактагы кызыкчылыктары ар башка экенине байланыштуу. Алсак, Иран жетекчилиги Иракта Тегеранга дос өкмөттүн болуусун каалайт. Бирок Фатихинин сөзүнчө учурда андай деп айтып болбойт:

- Анткени, азыр Ирактын саясатында акыркы сөз АКШга таандык. Ошон үчүн, Иран Ирак менен констркутивдүү мамиледе болом десе, АКШнын каршылыгын жараткан иштерге колун салбаш керек.

XS
SM
MD
LG