Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:34

“Айыл өкмөтү” Мароккодо баш байгеге татыды


БИШКЕК. Кыргыз кинорежиссеру Эрнис Абдыжапаров тарткан “Айыл өкмөтү” тасмасы Мароккодо өткөн эл аралык кинофестивалда баш байге - Алтын Жылдызга татыктуу болду. Мындай эл аралык фестиваль Марокконун Марракеше шаарында ушул айдын он биринен он тогузуна дейре өтүп, ага дүйнөгө белгилүү киножылдыздар конок катары катышты. Кыргыз кинорежиссеру баш байгени италиялык актриса Моники Беллучинин колунан алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” 22-ноябрда “Ой-Арт” студиясынын жетекчиси Алтынай Койчуманова билдирди.

“Айыл өкмөтү” же эл аралык кино чөйрөсүндө “Саратан” деген ат менен таанылган бул тасма буга чейин бир катар эл аралык кинофестивалдарга катышып, “Жылдын мыкты фильми”, “Мыкты сценарий үчүн”, “Мыкты режиссура үчүн” деген байгелерге татыган. Тасма өлкө эгемендик алгандан он жылдан кийинки кыргыз айылындагы турмушту чагылдырат.

XS
SM
MD
LG