Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:07

АКШнын президенти Кытайдын президенти менен жолугуп, соода алакаларын жана адам укуктарын талкуулады


Ху Жин Тао Бейжинге келген АКШнын президенти Жорж Бушка анын өкмөтү чет элдик фильмдердин, кийимдердин жана музыка дисктеринин мыйзамсыз көчүрмөсүнүн сатылышын чектөөгө чара көрөт деп сөз берди.

Кытайды жасалма товарлардын дүйнөдөгү эң ири булагы деп билишет. АКШнын ырастоосунда, мындан өндүрүүчүлөр жылыга 50 миллиард доллар чыгымга учурашат. Ху Жин Тао ошондой эле Кытай башка реформаларды да тездетээрин билдирди:

- Биз Кытай үчүн да, дүйнө үчүн да пайдалуу болгон иш чараларды ишке ашырууну пландап жатабыз. Анын ичинде юанды алмаштыруу механизмин да реформалоого нийеттүүбүз.

XS
SM
MD
LG