Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:15

Кароосуз калган балдар президентке кайрылуу жолдошту


БИШКЕК. 18-ноябрда Бишкек шаарында кароосуз калган 160 бала президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдошту. Анда Кыргызстанда балдардын укугу боюнча Конвенция сакталышы керектиги, мамлекеттик чиновниктер балдар үчүн маанилүү көп иштерди жасадык дешкени менен балдардын жашоосу оор бойдон калып жатканы, бүгүнкү күндө Кыргызстанда балдардын укугу корголбой жатканы айтылган. Ошондой эле милиция кызматкерлери кылмышкерлерди кармабай, үй бүлөсүн багууга кол кабыш кылып, ар кандай жумуштарда иштеген балдарды кармашканы, депутаттар жыйындарда балдардын укугу боюнча бир дагы маселе козгобой жатканы белгиленген. Кароосуз калган балдар кайрылуу соңунда өлкө башчысынан балдардын укугун коргоону өтүнүшкөн.

XS
SM
MD
LG