Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:45

БАРСКООНДО ЖОЛ ТОСУУ УЛАНУУДА


17-ноябрь күнү кечинде Кумтөр жолун бөгөп турган барскоондуктарга Кумтөр ишканасынын жетекчиси Эндрю Люис, облус жана Жетиөгүз районунун башчылары келип, компенсация үчүн азырынча 40 млн. сом бөлүнөрүн сунуш кылышты. Убада болгон 179 млн. сом толук берилмейинче нааразылык акцияны токтотпостугун айткан эл ал сунушту четке какты.

Барскоон капчыгайынан алтын казып атып Арабел, Элүүсай агым сууларына цианид төгүп алган канадалыктардан бул аймакта жашаган беш айылдын тургундары жети жылдан бери компенсациясын доолап келатат. Аны айрымдары кыргыз бийлигине байланыштырышат:

- Ооруу күндөн күнгө күчөп атат. Элибиз оор абалда. Моралдык, материалдык чыгымдарыбызды, Кумтөр берген акчаларды ортодо чиновниктер, чоңдор алып койуп, бизге жетпей калууда. Ошол акча тийсе биз кичине дарыланып, узакка жашайбызбы дегенбиз. Азыр жаш өлүм көп, уктап калгандар көп, – дейт Тосор айылынан Зайка Чыпаева.

Ушуну менен экинчи жолу Кумтөр жолу тосулуп, нааразылык акциясы уюшутурулду. Буга чейинки август пикетинде мамлекеттик комиссия түзүлүп, цианидден жабыркаган Тосор, Тамга, Барскоон, Кичи жана Чоң Жаргылчак айылынын жашоочуларына компенсация төлөө суммасы такталган. Бул тууралуу Жетиөгүз районунун акими Замир Турдукеевмындай дейт:

- Жалпы каражаттын суммасы 151 млн. сом болгон. Андан тышкары жерлерди айдап, ошондон толук түшүм албай калгандардын мурунку беш жылга салыштырмалуу 28 млн. сом акча чыккан. Мына ошолорду кошкондо 179 млн. сом болгон. Бул маселени азыр комиссия карап, Кумтөр менен келишпестиктер болуп атат.

Тогуз күндөн бери компенсацияларын талап кылып аткан барскоондуктарга Кумтөр жетекчиси Эндрю Люис, азырынча 40 млн. сом бере туралы, калганын барскоондуктарга бөлүп беребиз дегенине эл макул болгон жок. Ошентип Эндрю Люистин мындай аракети Кумтөр жолун ачтыра алган жок. Ал эми тосорлук Сыдык Алымбеков бул маселе дагы эки күндө чечилбесе Кумтөргө кетчү электр кубаты өчүрүлөрүн эскертти.

Барскоон окуясында жабыркагандарга компенсация төлөтүү демилгесин көтөрүп келаткан Барскоон айылындагы “Карек” өкмөттүк эмес уюмунун жетекчиси бул маселенин өнүгүшүн мындайча сыпатады:

- Кече Ак үйдө премьер-министр Феликс Шаршенбаевич менен жолугушуп сүйлөштүк. Феликс Кулов Кумтөр презинденти Хаменюк менен кезиккен. Ошол жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу кечээ эки саат убакытка чейин сүйлөштүк. Феликс Шаршенбаевич айтты, мен элди эч качан күч колдонуп кууганга барбаймын. Бул иш юридикалык жактан дагы чечилиши керек деп. Кумтөр компаниясы бир миллион долларды ушул жуманын ичинде которуп жатышат “Кыргыз алтынга”. Ал жерден коомдук бирикмелер менен кандай таратылары тууралуу сүйлөшөбүз.

XS
SM
MD
LG