Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:07

Грузия Москваны айыптоодо


Грузиянын чатактарды жөнгөрүү боюнча министри Георгий Хаиндрава грузин-осетин чатагын жөнгөрүү боюнча Биргелешкен көзөмөлдөөчү комиссияны реформалоого чакырды. Комиссияга Орусия,Түндүк Осетия, Түштүк Осетия жана Грузиянын өкүлдөрү кирет. Грузия анын курамына Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму да аралашууга тийиш деген пикирде. Бул күндөрү ЕККУнун желеги астында Словениянын Любляне шаарында болуп жаткан комиссия жыйынында Хаиндрава өз сунушун айтууга мүмкүнчүлүк берилбегенден кийин, комиссиянын ишине катышуудан баш тартып чыгып кетти. Ал Орусия жана Түштүк Осетия тынчтык жараянына тоскоолдук кылып жатат деп айыптады.

XS
SM
MD
LG