БИШКЕК. Бишкек ТЭЦи ноябрь айынан тарта Орусиядан мазут ала баштады. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынан 16-ноябрда кабарлашты. Маалымат боюнча Уфадагы мунайды кайра иштетүүчү ишканадан 1,5 миң тонна отун мазуту келди. Ишкана ТЭЦ үчүн быйыл Орусия менен 5 миң тонна отун алууга келишим түзгөн. Автоунаа чыгымдарынын кымбаттыгына карабастан мындай кадамга барууга ишкана аргасыз болгон. Анткени, Казакстан менен Кыргызстан ортосундагы мазут алуу жаатындагы квота боюнча эки тараптуу макулдашуу ишке ашпаган бойдон турат. Мындай протокол премьер-министр Феликс Куловдун Астанага сапары учурунда кабыл алынган. Алынган маалымат боюнча, Бишкек ТЭЦи кышкы от жагуу маалында 4 тоннадан 8 тоннага чейин мазут жагат.