Франциянын парламентинин төмөнкү палатасы өзгөчө кырдаалды дагы үч айга узартуу тууралуу өкмөт сунуштаган мыйзам долбоорду кабыл алды. Ал эми парламенттин Жогорку палатасы маселени дүйшөмбү күнү карамакчы. Өлкөдө тартипти орнотуу максатында өзгөчө кырдаал 9-ноябрда 12 күнгө киргизилген эле. Ал эми баш аламандык 27-октябрда башталып, бүт өлкөнү каптап кеткен. Анын негизги катышуучулары түбү араб жана африкалык жаштар болууда.